Парламенттин жаңы курамы ишке киришти, президент өз талап-сунуштарын айтты

мазмуну

  • Кыргызстандын парламентинин сегизинчи чакырылышы ишке киришүүдө. Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган.
  • №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ал жерден үч депутатты кайра шайлоо өтөт, мөөнөтү азырынча жарыялана элек.
  • Боршайком шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу жалпысынан 274 арыз түшүп, 76 факт боюнча айып салынганын билдирген.

Алгачкы отурум, президенттин талап-сунуштары

Бүгүн 17-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги, сегизинчи чакырылышы алгачкы отурумуна чогулду.

Жыйынды жаңы депутаттардын эн улуусу Гүлай Машрапова ачты.

Ант берүү салтанатына өлкө президенти Садыр Жапаров катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы эл өкүлдөрүн берген антына бекем турууга чакырды. Кыргыз парламентаризминин тарыхына токтолуп, жаңы чакырылыш менен алдыда кандай кызматташуу болору жөнүндө сөз кылды.

Жапаров мурда, парламенттик система учурунда Жогорку Кеңеште депутаттар министрлерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кадр маселеси боюнча кийлигишип, буйрук берип, "кичине эле кемчилиги болгон мамлекеттик кызматкерлерди трибунадан сындап келгенин" айтып, муну туура эмес жол деп атады жана жаңы депутаттарды андай жолго түшпөөгө чакырды.

Бирок олуттуу кемчилик болсо ачык сындаш керек экенин айтты.

"Олуттуу кемчиликтер болсо сындагыла, коррупциялык иштери же мамлекеттин казынасына кол салган учурлары болсо ачык далилдер менен айтып чыгыңыздар. Биз рахмат гана айтабыз", - деди президент.

Өкмөттүн отчетун же республикалык бюджетти кабыл алууда айрым депутаттар, мисалы, "Менин айылыма бир километр жолду асфальттап бер, болбосо отчетуңа каршы добуш берем..." деп ачык эле соодалашууга барганын айткан Жапаров муну көндүм адат, терс көрүнүш деп атады.

Өлкө башчысы мындан ары Жогорку Кеңеште фракция, комитет жыйындарына "министрлер өзү келсин" деген талап коюлбашы керектигин да айтты. Алардын орун басарлары же тийиштүү кызматкерлери менен деле иштешсе болорун белгиледи.

Шайлоо системасы боюнча маселеге токтолуп, президент, бул жараянга элдин катышуусу жакшы болбой жатканын айтты:

"Биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет, 70% чыгат деген үмүтүбүз бар эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Ошондуктан, балким, милдеттендирүү чараларын киргизебизби, башкабы, айтор, элдин шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралууда менде".

Ушул жүйөдөн улам Жапаров депутаттарга тийиштүү мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрүүнү сунуш кылды.

Шайлоонун эртеси чет өлкөлүк байкоочулар менен жолугушууда келечекте онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш берүү жагын ишке ашырууга аракет кыларын айтканын президент мындай оюнан кайтып жатканын билдирди:

"Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай".

Спикерликке бул чакырылышта да Нурланбек Тургунбек уулу сунушталып жатканын "Азаттыкка" депутат Жанарбек Акаев билдирди.

Жалпысынан беш депутаттык топ түзүлөрү, аталган топтордун лидерлери Тургунбек уулун сунуштап жатышканы, бүгүн парламент төрагасы менен катар анын орун басарлары жана комитеттердин төрагалары да шайланары маалымдалды.

Бул жолку шайлоого парламенттин өзүн өзү таркаткан буга чейинки чакырылышында депутат болгон 79 киши талапкер катары катталган, натыйжада алардын 49у мандат алды.

Жаңы депутаттардын үчтөн бири 41-50 жаштагылар, 30 жашка чейинкилер үчөө. Жаш курагы жагынан эң улуусу 69, ал эми эң кичүүсү 25 жашта.

Мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоо

Ошентип, эгемен Кыргызстандын тарыхында өз парламенти иштей баштагандан бери сегизинчи чакырылыш кызматына киришүүдө.

Буга чейинки, жетинчи чакырылыш 2021-жылдын 28-ноябрында шайланып келген жана мөөнөтү 2026-жылдын ноябрында аяктамак.

Бирок быйыл сентябрда Жогорку Кеңеште парламентти өзүн өзү таркатуу демилгеси көтөрүлүп, 32 депутаттан кол чогултулуп, сунушту парламенттин төрагасы да колдоп, кийин президент жарлык чыгарып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өттү.

Иштеп жаткан Жогорку Кеңешти өз мөөнөтүнөн бир жыл эрте таркатуу сунушун айтып чыккандар кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында, эки айдан кийин эле, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай эки ири саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде удаа өткөрүүгө жетишпей каларын айтышкан. Эки шайлоо биринин артынан бири өтүшү саясий жана экономикалык жактан өлкөгө кыйынчылык жаратат деп да жүйө келтиришкен.

Бирок депутаттардын арасында алардын сунушун колдобогондор да болгон. Экс-депутат Исхак Масалиев, мисалы, "президенттик шайлоо үчүн парламент өзүнүн тагдырын чечкени туура эмес" деген пикирин билдирген.

Дагы караңыз "Өзүбүздү садага чаап жатабыз". Парламентти таркатууга 32 депутаттан кол чогулду

Өткөн чакырылыштын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана бир мандаттуу 36 округдан шайланып келген депутаттар түзгөн.

30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп, ага шайлоочуларын 36,90%, башкача айтканда, жалпы 4 294 243 кишинин 1 584 446сы добуш берүүгө катышкан.

Мыйзам боюнча 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келиши керек. Гендердик квота да каралып, ар бир округдан шайлана турган үч депутаттын бири аял болушу кажет, же, эки аял болсо, үчүнчүсү эркек болушу шарт.

12-декабрда БШК шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомун кабыл алып, 87 талапкерди парламенттин депутаты кылып каттады.

Ал эми бир округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул №13 округ. Ал жерде өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматында шайлоону өткөрүүдө БШК өзүнүн милдеттерин мыйзамдын талаптарына ылайык толугу менен кынтыксыз аткарганы, бардыгы календардык пландын негизинде ырааттуу жүргөнү белгиленген.

Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу түзүлдү. Анын ичинде 27 тилкеде аралыктан добуш берүү уюштурулду. Чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылды.

Шайлоодо 90 орунга 460 жаран талапкер болду, алардын 271и эркек, 189у аял, майыптыгы бар 16 талапкер катышты.

12-декабрга карата БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 274 бузуулар тууралуу маалымат келип түшкөн. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъектилерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумуш тобуна 116 материал келип түшкөн. Анын ичинен 62 факты боюнча административдик айып салынган. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумуш тобуна 39 материал келип түшкөн, анын ичинен 12 факты боюнча административдик айып салынган.

Айрым добушканалардагы ыктымал добуш сатып алуу учуру тартылган видеолордун негизинде аймактык шайлоо комиссиясы №8 округдагы №5249 жана №5514 тилкелердеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 8-декабрда талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Жанарбек Акаевди, Улан Примовду жана Нуржамал Төрөбекованы тапкан.

Башта бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошованын добушу мандат алууга жетпей калды. Ал Боршайкомдун чечимине каршы Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылып, арызы четке кагылды. Ал өзүнөн кийинки келе жаткан Нуржамал Төрөбекова БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун тууганы экенин айтып чыккан. Шайназаров бул дооматты четке кагып, бардык чечимдер мыйзам чегинде болорун билдирген.

№9, №26 округдар боюнча да талаш-тартыш уланууда. №9 округда гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталган.

№26 округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакиров шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районундагы бул окуяда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айтып, бул маселе каралбай калганына даттанып, акчанын чоо-жайы боюнча териштирүүнү талап кылган. Ал бул иш боюнча күнөөлүүлөр аныкталбаса, №26 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

ИИМ акча тараткан адам талапкер Медербек Саккараевдин өкүлү экенин ырастаган. Бирок 8-декабрда БШК акча таратууга талапкердин тиешеси жоктугун айтып, Саккараевди шайлоодон четтеткен эмес.

Боршайком ошол эле күнү №26 округ боюнча да чечим кабыл алып, жеңүүчү катары Медербек Саккараевди, Эркинбек Исеналиевди жана Жамила Исаеваны тааныган.

Азыркы чакырылыш жаңы эреже боюнча шайланып келди. Быйыл июнь айында Кыргызстандын шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Жаңы эрежелер

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга президент 9-июнда кол койгон. Мыйзамды парламент 30-апрелде кабыл алган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы мыйзамдын максаты Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү, саясий коррупцияга каршы күрөшүү жана шайлоонун учурдагы системасынын кемчиликтерин четтетүү, жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу экенин белгилеген.

Дагы караңыз Президент депутаттарды бир мандаттуу округдардан шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду


“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин үчтөн депутаты шайланат. Мыйзамга ылайык, шайлоо өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим шайлоо дайындалганда кабыл алынат. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык”, - деп билдирген президенттин басма сөз кызматы.

Жаңы мыйзамга ылайык бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында тиешелүү шайлоо округдарынан чыгып кеткендердин ордуна көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча депутат шайлоо өткөрүлбөй турганы белгиленген.

Бул жолку өнөктүк Кыргызстандын эгемен тарыхындагы каражат көп коротулган парламенттик шайлоо болуп калды. БШК талапкерлер үгүткө 1,5 млрд сом сарптаганын билдирди. Бирок айрым серепчилер каражат мындан бир нече эсе көп чачылганын, көп округдарда добуш сатып алуу аракеттери болгонун айтууда. Буга дээрлик көпчүлүк округдардан жалаң капчыктуу талапкерлер утуп чыкканын мисал тартууда.