Украинанын "Хочу найти" мамлекеттик долбооруна эле согушта жоголгон жакындарын табууга байланыштуу 150 миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Учурда согушка кетип, дайыны чыкпай жаткандардын катарында кыргызстандыктар дагы бар.
"Сиздер менен сүйлөшсөм апамды көргөндөй болом. Бар экениңизге шүгүр....", "Азырынча машыгып, үйрөнүп, окуп жатабыз. Качан жөнөтөт, ал жагын билбедим, жумуштарыңыз жакшыбы?", "Бизди алдап коюптур, согуш талаасына алып келип таштап койду...".
Кыргызстандык Турдукан 29 жаштагы Малик Маратовдун акыркы жөнөткөн билдирүүлөрүн көрсөтүүдө.
"Артынан издеп алары жок, апасы дагы каза болуп калган жигиттин тагдыры жанымды кейитип турат", - деди ал.
Турдукандын айтымында, аяш уулу Орусияда абакта отурган жеринен согушууга макулдугун берип, келишимге кол койгон. Ал 2018-жылдан бери Орусияда такси кызматында иштеп жүргөн. Малик апасы менен чогуу миграцияда жүрүп, кийин энеси ооруп калып, Кыргызстанга кайтып келет. Уулу апасынын дарылануусуна, күнүмдүк керектөөлөргө деп ишин улантып жүргөн. Бирок 2023-жылы Подмосковьеде маңзат менен колго түшкөнү тууралуу кабарлашкан.
"Апасы Москвада миграцияда эмгектенип жүрүп бутун кокустатып, оор жараат алып, кызыл ашыгынан буту үзүлүп кетиптир. Москвада дарыланып, кийин Кыргызстанда бир нече жолу операция болду. Малик болсо ошол учурда апасын багам, операциясына акча табам деп такси кызматында, тамак-аш жеткирип иштеп жүрчү. Акыркы заказды жасап, эртең Кыргызстанга кетем деп атканда кармалып калыптыр. Подмосковьеге акыркы заказ алыптыр. Бир аз көбүрөөк акча сунуштаса керек, жаш бала да, буйрутманы алып барганда алып кете турган кишиге чалса албай коёт. Телефондору өчүк болуп калат. Кечки саат 5-6лар болуп калган экен, жарым сааттай күтүп калыптыр ал жерде. Ошол маалда жергиликтүү полиция келип эмнеге турганын, эмне алып келдиң деп сурап эле, баланын колун кайрып алып кетет. Машинаны текшергенде олуттуу деле эмес, азыраак маңзат табышыптыр. Телефондорун, ким менен жазышкандарын текшерип, баланы эки айга камап коюшат. Апасы Кыргызстанда болгондуктан бир тууганынын баласын ээрчитип, кабар алып келгем. Биз Маликти көрө албадык, кийим-кечегин эле киргизип бердик".
Баласынын камалып калганын уккан апасы операциядан кийин эле учуп-күйүп Орусияга жол тартууга камынып жаткан. Бирок жол кырсыгынан каза табат.
"Бир чети, жүрөгүм ооруйт, абдан кейиштүү окуя болду. Жөндөн жөн кыргыздын уул-кыздары жөн эле абакка кирип кетип жатышат. Апасы операциядан көп өтпөй, жибин дагы алдыртпай Орусияга келип, үч сотуна тең катышып кеткен. Апасынын башка багар-көрөрү жок экенин эске алып сот Маликти жети жылга соттогон. Апасы Орусияда көп жүрө албай, буту шишип, Кыргызстанга кайтып келген эле. 2024-жылдын ноябрь айында кошуналары менен жолго чыгып, кырсыкка кабылып, ошол жерден эле жан берди. Баласына кыйла угузбай жүрдүк, анын бир гана ишенгени апасы болчу. Андан башка, чынында, таянар тоосу, ишенгени деле жок болчу. Дагы бир тууган агасы бар, апасынын мурдагы турмушунан. Маликти апасы тирүү кезде эле абакта аябай "кулагын ушалап", орус тилин жакшы сүйлөйт экенсиң, согушка барып келбейсиңби деп көп жолу сунушташкан экен. Малик апасынын сөзүн угуп, ага такыр көнбөй жүрдү эле. Апасынын көзү өткөндө жалгыз эле калды, абакка акча киргизип туруш керек экен, өздөрүнүн белгиленген ставкасы бар экен, ошолорду бере албай калды да. Апасы өлгөндөн кийин жардам берер эч ким жок, ушул ишке бардыбы деп ойлойм. Мен 1-2 жолу бардым, акча, жанындагыларга деп сураган тамекисин киргизип келген элек".
Апасынын өлүмүнөн кийин Малик абактан ары эле согушка барууга макулдук берип, келишимге кол коюп салганын Турдукан сөзүн улап айтып берди:
"Апасы өлгөндөн алты ай өткөндө 2025-жылдын июнь айында келишимге кол коюп, согушка кетип калыптыр. Аяш уулум менен "Одноклассники" соцтармагы аркылуу байланышып турчубуз. Бул эмне кылганың, эмнеге мындай кылдың деп сурадым. " Баары жакшы болот, Кудай буюрса эртерээк боштондукка чыгам" деп жазды. Биз ошол жактан сүйлөшүп турдук. Алгач окуп жатышканын айтты. "Мен дрон учурганга, компьютерде эле отурдум, башка жакка барбайт экенмин" деген. Экөөбүз тынбай байланышып турдук. Күндө эртең менен абалын сурап жазам. Ал шарты болгондо, бир же эки күн өткөндө жооп жазып коёт болчу. Акыркы жолу 11-сентябрда жазды. "Сизди көрсөм апамды көргөндөй болом" деп, ушунчалык жүрөктү ооруткан сөздөрдү жазыптыр. "Бизди алдап коюптур, бизди согуш талаасына алып келип таштап койду. Согушта жүрөбүз" деп сүрөтүн жөнөтүптүр. Акыркы сүйлөшкөнүбүз ошол болду. Андан бери деле, ушул күнгө чейин күндө жазып келем...
Малик ошол бойдон кабарын билдирген эмес, байланышка дагы чыкпаптыр. Турдукан социалдык тармактар аркылуу издеп, ал тууралуу маалымат таба алган эмес.
"Туугандарынын бири жакында кабар алып көрүптүр. Ага дайынсыз деп айтышыптыр. Менин дагы деле үмүтүм бар, ушул бала тирүү деп ойлойм. Эсен-аман тирүү келип, жок дегенде апасынын мүрзөсүнө келип, топурак салып, куран окуйт деген үмүттөмүн. Мен аябай жаман болуп жүрөм, анткени Малик өзү абдан жакшы бала болчу. Эстүү, акылдуу, бирөөгө жамандыгы жок, колунда болсо баарына жардам берген, берешен, боорукер бала болчу. Колуңуздардан келсе ушул баланы билген, көргөндөр болсо, табышканга жардам берүүңүздөрдү суранам. Бул бала жөндөн жөн, апасынын операциясына акча алып келем деп отуруп ушул ишке кабылып калды... Өтө өкүнүчтүү, апасын дагы көрбөй калды. Биздин жаш муун ушинтип талаада, бөтөн эл, бөтөн жерде кор болуп, үй бетин көрбөстөн талаада жүргөнүнө өтө ичим ачышат".
Малик Маратов абакта 3 жылга чукул отурган. Ага чейин деле "согушка барууга үгүттөп, бул эркиндикке чыгуунун эң оңой жолу экенин айтып келишкен экен" деди аяш энеси.
Украинанын "Хочу жить" долбоору орус армиясынын катарында согушуп каза болгон 143 кыргызстандыктын тизмесин жарыялагандан кийин аяш энеси "Азаттыкка" кайрылууну чечкен.
Биздин колго тийген документтер боюнча Малик Кыргызстанда төрөлгөнү, жогорку окуу жайды бүткөнү, бойдок экени жазылган. Ошондой эле келишимдин негизинде аскердик кызматка тартылганы белгиленип, кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылганы, жетон номурун көрүүгө болот.
Дайынсыз жоголгондорду издөө иштерине жардам берип жүргөндөр Малик кызмат өтөгөн аскер бөлүгү Орусиянын “Атайын аскердик операциясынын" (СВО) аймагында, Луканскиде экенин билдиришти.
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, Малик Маратов дайыны чыкпай кеткен сентябрь айларында Орусия армиясы Донецкиде алдыга жылган, кийинчерээк Украинанын Покровск шаары үчүн кармаш күчөгөн. Согушка тартылган жаңы жоокерлер ушул багытка тартылышы ыктымал.
Өткөн аптада "Медиазона" басылмасы 2025-жылдын 1-декабрына карата Орусиянын Коргоо министрлиги сотко аскерлерди дайынсыз жоголду же өлдү деп табуу боюнча 90 миңдей арыз жолдогонун жазды. Басылма белгилегендей, бул жоготуулардын кайсы бир гана бөлүгүн түзөт.
"Согуштун алгачкы жылдарында мындай соттук териштирүүлөр сейрек болгон: соттор жакындарынын арызын канааттандыруудан баш тартышкан, анткени аларда ар кандай себептерден улам аскер бөлүктөрүнөн маалымкаттар жок болгон, эмнегедир аскер бөлүктөрдүн өздөрү да сотко кайрылышкан эмес. Бардыгы 2024-жылдын экинчи жарымында өзгөрдү. Жылдын ортосунан баштап ушул багыттагы арыздар өсө баштаган. Бул көрүнүш 2025-жылы дагы өстү, күздүн соңунда соттор жумасына 2500 арыз кабыл ала баштаган", - деп жазылган "Медиазонанын" иликтөөсүндө.
Мындан сырткары, журналисттер Орусия бери дегенде 153 миңдей аскерин жоготконун аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү өз ыктыяры менен барды дегендер (31,8%), экинчи орунда абактан тартылгандар 12,5% түзөт. Бул жалпы каза болгондордун 19 миңден ашуунун түзөт. Иликтөөчүлөр бул ачык булактардан жана жакындарынан такталган гана маалымат экенин, жоготуулардын саны мындан кыйла жогору болушу ыктымалдыгын белгилеп жүрүшөт.
Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбооруна эле согушта жоголгон жакындарын табууга байланыштуу 150 миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Мындан сырткары бул долбоор өткөн айда Украинанын аймагында орус армиясы тарабында согушкан 143 кыргызстандыктын аты-жөнүн чыгарган. Булардан сырткары Орусия "жалдагандар" деген дагы өзүнчө тизме бар. Анда 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.
Малик Маратовдун ысымы мындай тизмелерден табылган жок. Эксперттер Малик сыяктуу аты ачык айтылбай же толук изделбей калган жарандар жүздөп саналарын белгилеп жатышат.
Мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп келаткан юрист Мирлан Токтобеков мындай дейт:
"Орусия Федерациясы болушунча жарандыгы башка же Кыргызстандыкы болгондорго кенемте төлөбөгөнгө аракет кылып жатпайбы. Ушундай эле жагдайды алсак, маңзат менен кармалып, кийин келишим түзүп, согушка кетип каза болду дейли, ага Орусиянын бийлиги кенемте төлөп берүүгө кызыкдар эмес да, болушунча төлөбөгөнгө аракет кылат. Келишими жок, колу жок деп эле ар шылтоону айтып, кенемте төлөбөй коюп жатышат".
Орусия Украинанын аймагына толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери жүздөгөн борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду. "Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар. Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Шерине