Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Кара-Сууда үч наристе истен чарчап калды, энеси ооруканада жатат


Коллаж
Коллаж

Кара-Суу районунун Талдык айылында алты, үч жана бир жаштагы балдар иске ууланып чарчап калды. Үйдүн кожейкеси жана анын сегиз жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөн. Жүрөк ооруткан кейиштүү окуя 10-декабрда болгон.

Балдардын өмүрүн алган каргашалуу кырсык Кара-Суу районунун Талдык айылында болду.

Жакып Кадырбаев
Жакып Кадырбаев

«Каза болгон балдардын атасы менин баламдын досу болчу. Ал телефон чалып, “аяш балдарың газга ууланып калыптыр, барып кабар алып койчу” деди. Менин балам жеңил унаа менен барып, кайра бат эле келип, үч баласы чарчап калганын айтты. Балдарды алып жөнөйүн деген учурда милициянын кайгуул кызматы келип калды. Эл чогулуп, эсин жоготкон апасын жана балдарды облустук ооруканага алып кетишти», - деди Талдык айылынын башчысы Жакып Кадырбаев.

Кошуналары алардын ууланып калганын 10-декабрда кечки саат 8дер чамасында билген. Кырсык болгон күнү балдардын атасы үйдө болгон эмес. Ал жүк ташуу менен алектенгенин, ошол күнү Өзбекстанда жүргөнүн айыл башчы Жакып Кадырбаев кошумчалады.

«Бир күн бою эшик ачылган эмес. Ошол күнү кар жаап, аба ырайы суук болчу. Келиндин күйөөсү жүк ташып, Өзбекстанда болгон. Ал аялы менен күндүз байланыша албай, түштөн кийин кошунасына телефон чалып, үйүнөн кабар алып коюуну суранган. Кошунасы барса эшикти эч ким ачпай, терезеден караса балдар ар кайсы жерде жатканын көргөн».

Ош облустук милициясынын маалыматына караганда, балдардын апасы, 27 жаштагы келин сегиз жаштагы кызы менен оор абалда ооруканага жеткирилген. Алардын абалы тууралуу Ош облустук бириккен клиникалык оорукананын нефрология бөлүмүнүн башчысы Элмира Кудайбердиева буларды айтып берди:

“27 жаштагы келин бизге 10-декабрда түшкөн. Ал жандандыруу бөлүмүндө комада жаткан. Текшерүүнүн жыйынтыгында мээси жабыркаганы аныкталды. Азыр тиешелүү адистер көзөмөлдөп жатышат. Учурда абалы орто оор, өзүнө келип тамак ичип, сүйлөп жатат. Бирок булчуңдарынын алсыздыгы бар. Дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деди ал.

Үч баланын өмүрүн алган бул окуя кыргызстандыктардын үрөйүн учурду. Мунун алдында эле Ош облусунда жылыткычтан чыккан өрттөн бир үй-бүлөдөн энеси жана беш баласы менен күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кырсыктар эң жөнөкөй коопсуздук эрежелери сакталбагандан болорун эскертүүдө.

Суук түшкөн мезгилде аталган мекеменин адистери айыл-апаны кыдырып эскертүү беришкенин ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Сүйүнтбек Осмонов билдирди. Ал мындай кырсыктар мештердин коопсуздук талаптарына ылайык орнотулбагандыгынан улам болуп жатканын айтты.

Сүйүнтбек Осмонов
Сүйүнтбек Осмонов

«Меш орнотууда морлордун бийиктиги жана аралыгы кеминде 37 сантиметр болушу керек. Морду үзгүлтүксүз тазалап туруу зарыл. Азыр үйдүн сыртына орнотулган коопсуз мештер бар. Бирок айрымдар өздөрү уктаган бөлмөгө меш орнотуп алып, ууланган учурлар көп кездешет. Бул көбүнчө каражаттын тартыштыгына байланыштуу. Материалдык жетишпестик коопсуздукка көңүл бурбоого алып келет», — деди Сүйүнтбек Осмонов.

Кыргызстанда кыш мезгилинде көмүрдүн исине ууланган учурлар жыл сайын катталат. Жазында Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен иске ууланып, каза болгон.

Соңку окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иликтөө жүрүп жатканы айтылды. Колу-коңшулары ооруканада келинге үч баласынан айрылганын кантип угузабыз деп кабатыр.

Бул окуядан кийин тиешелүү мекемелер эл арасында мештерди туура орнотуу, коопсуздук чараларына көңүл буруу боюнча дагы түшүндүрүү иштерин күчөтүп жатканын билдирүүдө.


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG