4-класстын окуучусу Кобилжон 16-декабрдын таңында жүздөгөн балдар сыяктуу эле сабакка келген. Бирок ал күнү үйүнө кайтпай турганын билген эмес.
Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, 15 жаштагы жогорку класстын окуучусу Тимофей К. мектеп имаратына бычак жана жаш агызуучу газ баллонун алып кирген.
Кол салуу болгон күнү ал "No Lives Matter" [Эч кимдин өмүрү маанилүү эмеc] деген жазуусу бар футболка кийип жүргөн. Бул интернеттеги зомбулукту жайылткан уюмдун урааны.
Өспүрүм бардык аракеттерин камерага тартып турган. Телеграм-каналдар жана айрым орусиялык маалымат каражаттары 15 мүнөттүк видеону жарыялашкан. Анда шектүү кол салууга мектептин дааратканасында даярданып, ошол жерге жардыруучу заттын муляжын калтырганы көрүнөт.
Андан соң ал "чачы кара" мугалимдердин бирин издеп, класстарды кыдырган. Кийинчерээк ал мугалим менен бирге турган балдардын тобуна туш болот.
Социалдык тармактарда тараган видеолордон колуна бычак кармаган окуучу аларга жакындап келип: "Кайсы улуттансыңар?" — деп сураганы угулат.
Андан соң ал жанына жакындап келген күзөтчүгө бурулуп, анын бетине газ чачып, бычак менен сайган.
Муну көргөн балдар ызы-чуу болуп, чар тарапка качышат. Шектүү өспүрүм алардын ичинен кара чачтуу баланы кубалап жетип: "Улутуң ким? Күнүң бүттү", -деп кыйкырат.
Тиги бала андан качып баратып, тепкичтен жыгылып кетет. Шектүү аны кууп жетип, бычак менен сайган.
Бала кыймылдабай калгандан кийин, анын жанында өзүн селфи кылып сүрөткө тарткан.
Андан соң шектүү өспүрүм бош кабинетке кирип кеткен. Ал жерден аны атайын багыттагы күчтөр кармап чыгышкан.
Каза болгон бала ким?
10 жаштагы Кобилжон Алиевдин апасы ал окуган орто мектепти жууп-тазалап иштечү. Нилуфар Сафоева Тажикстандын Шахринав районунда туулуп-өскөн. Кобилжондун тогуз жаштагы иниси экөө бир класста чогуу окушкан.
Орусиялык mk.ru басылмасы тактагандай, кол салуу маалында Кобилжон кайда барарын билбей, далбастап калган. Анткени 4"д" классынын жетекчиси Алина Файзуллаева балдарды шашылыш түрдө бөлмөгө киргизе баштаганда, Кобилжон класска эмес, тепкич тарапка чуркап кеткен.
Ошол учурда кол салган өспүрүм анын артынан чуркаган.
Каза болгон баланын туугандарынын бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматына билдиргендей, мугалим балдарды ашканага алып бараткан экен. Бирок бычак көтөргөн өспүрүмдү байкаган соң, аларды шашылыш класска киргизе баштаган. Бул тууралуу жакындарына Кобилжондун иниси айтып берген.
Ал эми Кобилжон болсо кылмышкерди алаксытарын айтып, тепкич жакты карай чуркаган. Аны бычак менен ургулай баштаганда бети-башын колдору менен тосуп, "Дада! Дада!" ("Ата!") деп кыйкырган.
Нилуфар Сафоева эки уулу жана эки сиңдиси менен мектепке жакын жерде батирде жашашчу. Коңшулары аларды тынч жашаган үй-бүлө катары сыпатташат.
Сафоева бир эле мектепте эмес, бир нече жайды жууп-тазалап иштечү. Андан тышкары кары-картаңдарды да карап акча тапканга аракет кылган.
Ал Орусияга болжол менен төрт жыл мурун, күйөөсү каза тапкандан кийин барган. Балдардын атасы чек ара бөлүмүндө кызмат өтөп жүргөндө каза болгон.
Сафоева балдарын багыш үчүн Орусияда патент менен иштеп жүргөн.
Туугандарынын айтымында, трагедияга аз калганда апасы уулдарынын чет элдик паспортторунун мөөнөтү аяктап баратканына байланыштуу, аларды убактылуу Тажикстанга жөнөтүүнү көздөп жаткан.
Шектүү өспүрүм тууралуу эмне белгилүү?
Орусиянын Тергөө комитети кол салууга байланыштуу адам өлтүрүү жана ошого аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, шектүү көрсөтмө берди.
Кармалган окуучунун акыл-эси жайында экенин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлөт. Ага психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган. Ошондой эле тергөө анын чөйрөсүн, кызыкчылыктарын жана социалдык тармактардагы баракчаларын иликтейт.
Телеграм-каналдардын маалыматына караганда, кол салууга бир нече күн калганда өспүрүм классташтарына "Менин жек көрүүм" аттуу баян-манифест тараткан.
"Осторожно, новости" Телеграм-каналы бул текстти неонацисттик деп мүнөздөгөн.
11 беттен турган текстте окуучу коомго болгон жек көрүүсүн билдирип, адамдарды улуту жана дини боюнча бөлгөн.
Тинтүү учурунда өспүрүмдүн үйүнөн курал-жарак сакталган жашыруун жай табылган. Анда экстремисттик ураандар жазылган тапанча менен каска, тыюу салынган символикасы бар брондолгон чыптама, дагы бир бычак жана жардыруучу затка окшош буюмдар болгон. Ал социалдык тармактарында курал менен түшкөн сүрөттөрдү бир нече ирет жарыялаган.
Классташтарынын айтымында, өспүрүм акыркы бир нече жумада мектепке келбей жүргөн.
Окуяга чейин ал өзүн кадимкидей алып жүргөнүн айтышат. Окуучулар ал "үч", "төрткө" окуп, жоош болгонун, аскердик темаларга кызыкканын белгилешет.
"Осторожно, новости" тараткан маалыматка ылайык, шектүүнүн атасы окуя тууралуу маалымат каражаттарынан уккан. Ал уулу жеткирилген бөлүмгө дароо барганын билдирген. Кол салуунун себеби эмнеден чыкканын билбей турганын, аны буллинг же башка факторлор менен байланыштырбаганын айткан.
Кылмыштан соң Орусияда жана Тажикстанда жасалган билдирүүлөр
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 17-декабрда билдирүү жасап, Дүйшөмбү бул кол салууну улуттар аралык жек көрүүнүн негизинде жасалган кылмыш деп эсептей турганын айтып, жаранына каршы жасалган чабуулду кескин айыптады.
Орусиянын Тажикстандагы элчиси Сергей Григорьев ТИМге чакырылып, ага тез арада, объективдүү жана бейтарап иликтөө жүргүзүүнү, ошондой эле кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууну талап кылган нота тапшырылды.
Учурда Тажикстандын бир миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгектенет. Орусия эмгек миграциясынын негизги багыты. Дүйшөмбү чет өлкөгө иштөөгө кеткен жарандардын так саны жана алардын которгон каражаттары боюнча расмий маалыматтарды жарыялабайт.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2024-жылы мигранттардын акча которуулары Тажикстандын ички дүң өндүрүмүнүн 45% түзгөн. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. Эл аралык уюмдардын баалоосуна ылайык, өткөн жылы тажик мигранттары мекенине дээрлик 5,8 миллиард доллар жөнөткөн.
Орусия тарапка Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода да кайрылды. Ал орусиялык кызматташы Владимир Колокольцев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, баланын өлтүрүлүшү боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Рахимзода мындай кылмыштар коомчулукту гана дүрбөлөңгө салбастан, радикалдуу топтор тарабынан зомбулукту үгүттөө үчүн колдонулушу мүмкүн экенин белгилеген.
Ал толук, кылдат жана объективдүү тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу зарыл экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Владимир Колокольцев иликтөө катуу көзөмөлдө экенин, чындыкты аныктоо үчүн бардык тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Ошол эле учурда Орусиядагы айрым саясатчылар бул кылмышта орус улутчулдугунун көрүнүштөрү бар деп айтууга али эрте экенин билдирип жиберишти.
Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Матвеев орус медиасына берген маегинде өспүрүм "Батыштагы кылмышкерлерди туурап алган болушу мүмкүн, бирок ал улутчул болгон деп айтуу кыйын" деди.
"Англисче адамды жек көргөн ураан жазылган футболка кийип жүргөн өспүрүмдү орус улутчулу катары көрсөтүү абдан таң калычтуу. Эгер бул жерде кандайдыр бир көрүнүштөр тууралуу сөз болсо, балким, расисттик мүнөздө болушу мүмкүн. Бирок эскерте кетейин, бул кылмыштан жабыркагандардын төртөөнүн үчөө орустар. Бул баланы кандайдыр бир орус улуттук-маданий коомдук бирикмелердин идеяларынан шыктанган деп көрсөтүүгө аракет кылуу таптакыр негизсиз. Менин оюмча, бул көйгөйдүн түпкү себептерин Батыштан, мисалы, Брейвик сыяктуу фигуралардан издөө керек", — деди Матвеев.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьёв окуяны чектен чыккан мыкаачылык менен жасалган кылмыш деп атады. Ал өзүнүн Telegram каналында бул окуя кылдат талдоону талап кыларын жана мындай трагедиялардын кайра кайталанышына жол берилбеши керектигин белгиледи.
"Бул бүтүндөй Москва облусу үчүн чыныгы трагедия. Ага алып келген бардык жагдайларды дыкат иликтеп чыгып, мындан ары мындай окуя эч качан кайталанбашы үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек", — деди аймак башчысы.
Москва облусунун балдар укуктары боюнча ыйгарым өкүлү Ксения Мишонова Одинцово округундагы мектептеги кол салуу болгон жерден тартылган сүрөт жана видеолорду жайылтууга тыюу салууга чакырды.
"Мектептеги кол салуунун видеосун жарыялоо кабыл алынгыс деп эсептейм. Бул, биринчи кезекте, жабыркагандарга жана өзгөчө каза болгон баланын үй-бүлөсүнө карата таптакыр этикага сыйбайт. Кылмыш болгон жерден алынган сүрөт жана видеоматериалдар тергөө иш-чараларынын алкагында гана колдонулушу керек», — деди Мишонова.