Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:46

Жогорку Кеңеште беш топ түзүлдү, үч депутат эч бирине кошулган жок


Жогорку Кеңештин 8-чакырылышында жалпы беш депутаттык топ түзүлдү. 18 депутат кирген “Ата Журт Кыргызстан” тобу:

  1. Нурлан Азыгалиев - төрагасы
  2. Нурланбек Тургунбек уулу
  3. Куванычбек Конгантиев
  4. Камила Талиева
  5. Дастанбек Жумабеков
  6. Жылдыз Садырбаева
  7. Улан Бакасов
  8. Алишер Козуев-орун басары
  9. Медербек Алиев
  10. Гүлнара Баатырова-орун басары
  11. Салтанат Аманова
  12. Дастан Бекешев
  13. Табылды Муратбеков
  14. Гүлай Машрапова
  15. Жылдыз Эгенбердиева
  16. Алтынбек Кылычбаев
  17. Илимбек Кубанычбеков
  18. Бурун Аманова

"Мекенчил" депутаттык тобуна 19 депутат мүчө болду:

  1. Кундузбек Сулайманов - төрагасы
  2. Жамила Исаева
  3. Айсаракан Абдибаева
  4. Абдылдабек Эгембердиев
  5. Эркайым Сейитказиева
  6. Бекмырза Эргешев
  7. Ырысбек Атажанов
  8. Шайырбек Ташиев
  9. Советбек Рустамбек уулу
  10. Гүлсүнкан Жунушалиева
  11. Венера Салямова
  12. Жаныбек Абиров
  13. Курманкул Зулушев
  14. Үмбөталы Кыдыралиев
  15. Махабат Мавлянова
  16. Бекмырза Чолпонбай уулу
  17. Токтобүбү Ашымбаева
  18. Карим Ханжеза
  19. Темирлан Айтиев

"Элдик" депутаттык тобуна 18 депутат кошулду:

  1. Акылбек Түмөнбаев - төрагасы
  2. Уланбек Жаанбаев
  1. Улан Примов
  2. Гуля Кожокулова
  3. Алтынбек Кудайбердиев
  4. Улукбек Карыбек уулу
  5. Улукбек Узакбаев
  6. Эркинбек Исеналиев
  7. Медина Кайрылбекова
  8. Чыңгыз Ажибаев
  9. Марлен Маматалиев
  10. Эдита Тайгараева
  11. Болот Сагынаев
  12. Данияр Төлөнов
  13. Адилет Белеков
  14. Бакыт Чомоев
  15. Айгүл Ахмедова
  16. Жаныбек Аматов

"Адилет Кыргызстан" тобунда 14 депутат бар:

  1. Нурбек Сыдыгалиев - төрагасы
  2. Элдар Сулайманов
  3. Исманали Жороев
  4. Равшанбек Рысбаев
  5. Нуржамал Төрөбеков
  6. Сүйүн Өмүрзаков
  7. Гүлшаркан Култаева
  8. Жылдыз Курманалиева
  9. Гүлнара Акимбаева
  10. Бахтияр Шабазов
  11. Эркин Тентишев
  12. Рахат Жунушалиева
  13. Кубанычбек Самаков
  14. Жылдыз Таалайбек кызы

“Ала Тоо” депутаттык тобуна 15 депутат кирди:

  1. Жанарбек Акаев - төрагасы
  2. Таалайбек Масабиров
  3. Сеидбек Атамбаев
  4. Нулифар Алимжанова
  5. Азамат Исиралиев
  6. Жумабек Салымбеков
  7. Болотбек Борбиев
  8. Азамжан Жалилов
  9. Бактияр Калпаев
  10. Гүлкан Молдобекова
  11. Медербек Саккараев
  12. Гүлжан Сатиева
  13. Медер Чотонов
  14. Азизбек Турсунбаев
  15. Чолпон Эсенаманова

Жогорку Кеңештин үч депутаты – Элвира Сурабалдиева, Болот Ибрагимов жана Эрулан Көкүлов эч кайсы депутаттык топко мүчө болбогонун билдирди.

17-декабрда Жогорку Кеңешке шайланып келген 87 депутатка мандаттары ыйгарылып, ант беришти.

Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылган жана эми кайра шайлоо өтүшү керек.

Бул жолу шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 жаран киргизилип, 1 млн 584 миң 446 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90% түздү. Өлкө аймагында 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо тилкеси иштеди. Ал эми чет өлкөлөрдө 100 добушкана ачылган. 190 миң 30 адам аралыктан добуш берди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG